1-декабрда маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев сот тармагын реформалоого 5 жыл аздык кыларын айтты. Бирок 2011-жылдан бери соттук реформаны ишке ашыруу аракеттери жүрүп жатканын, соңку 4 жылда 400 судьяны кызматка дайындап, 1 гана судьяны иштен алганын билдирди өлкө жетекчиси.
"Реформа жасоо үчүн жаңы мыйзамдар керек. Анын үстүнө реформа үчүн 5 жыл аз убакыт. Референдумга соттук реформага байланыштуу бир катар сунуштар киргизилип жатат", - деди президент Атамбаев.
Белгилей кетсек, бийликтин оппоненттери соттук реформанын ишке ашпай жатканына президентти, анын администрациясын күнөөлөп келет.