22-апрелде Москвада Александр Масляковдун эл аралык КВН мелдешинин Премьер-лигасынын оюндары өттү. Анда оюн көрсөткөн кыргызстандык "Тамашоу" курама командасы 9,2 упай менен 6-орунга ээ болуп, жарым финалга өтпөй калды. Ал эми орусиялык "Жаштар" курама командасы 11, Москва финансы юридикалык академиясынын курама командасы 10,8, “Малая-Земля” командасы 10,5 жана “Лас-Вегас” 10 упай менен жарым финалга өтүштү.