Бүгүн, 2-декабрда Бишкектеги "Таатан" базарынын кампасы өрттөнүп жатат. Учурда окуя болгон жерге ӨКМнын Өрт өчүрүү кызматынын 4 атайын өрт өчүрүүчү унаасы келди. Жеринде 50 кызматкер иштеп жатат. Өрт чыкканы тууралуу маалымат саат 11:14тө түшкөн.
Маалым болгондой, бул жайда эмеректер сакталып турган. Өрттүн келип чыгуу себеби, келтирилген чыгымдар тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги расмий маалымат тарата элек.
Белгилүү болгондой, 150 чарчы метр жер күйгөн. Өрт өчүрүү кызматынын жетекчисинин орун басары Нурлан Ташмамбетов билдиргендей, азырынча өрт толук өчүрүлө элек. Жабыркагандар жок.