Бишкекте 24-апрелде өтө турган cалттуу музыкага арналган кече 3-майга жылдырылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эске сала кетсек, иш-чара борбордун “Ала-Тоо” аянтында өтүп, анда чогулган эл комузчу, манасчылардын өнөрүнө күбө болушат. Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен тааныша алат.