2017-жылдын алгачкы күндөрүнөн тарта WhatsApp айрым смартфондордо иштебей калат
2017-жылдын алгачкы күндөрүнөн тарта миллиондогон смартфондордун ээлери WhatsApp колдоно албай калышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, сөз Android 2.1 жана 2.2, Windows Phone 7, ошондой эле IPhone 3GS / IOS 6 операциондук системи менен башкарылган смартфондор тууралуу болуп жатат. Смартфондорду жаңыртуу менен бул маселенин алдын алуу мүмкүн экени жазылат маалыматтарда.
Ал эми элдин маалымат алышуусун камсыздаган WhatsApp`ка ээлик кылган ишкана тиркеменин мезгил-мезгили менен жаңыланып жатканын белгилейт. Тактап айтканда, WhatsApp улам жаңылануу менен көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берет. Тиркеменин иштелип чыккан жаңы версиясын жогоруда саналган операциондук систем менен башкарылган смартфондор көтөрө албайт.