Кыргыз өлкөсүндө пиротехникалык каражаттарды сатууга жана колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция бүгүн, 6-декабрда кабарлады.
"Өлкө боюнча бардык ири базарларга жана соода түйүндөрүнө инспекторлор тарабынан билдирүү баракчалары таркатылып, түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Буга чейин, өткөн жылдары кыш мезгилинде пиротехникалык заттарды колдонууда зыянга учураган фактылар өтө көп катталган. Анын кесепетинен өрт чыгып, материалдык чыгымдарга да дуушар болгон далилдер тыюу салууга негиз болду", - деп айтылат маалыматта.
Мындай кооптуу абалдын алдын алуу максатында инспекциянын өрттү көзөмөлдөөчү инспекторлору мектеп окуучуларына, бала бакчалардагы тарбия берүүчүлөргө, балдарга кыскача маалымат берип жатышканы маалым болду.
"Тыюу салынганына карабай пиротехникалык заттарды саткандарга 50 миң сом айып салынат", - деп кошумчалашкан басма сөз кызматынан.