3-декабрда SUPER.KG порталына Ноокат районунун тургуну Эрболот Тургунбаев милиция кызматкерлери тарабынан сабалганын "Элдик кабарга" билдирген. Анын айтымында, милиция кызматкерлери сабап гана тим болбостон, акчасын да тартып алып, коркутушкан. Ошондой эле алган жаракаттарынан улам ооруканага жатканын кошумчалаган.
Бул маселе боюнча Ош облусунун Ичик иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
"Порталга бул кабар чыккан соң кызматтык иликтөө жүргүздүк. Бул окуя 23-ноябрда орун алыптыр. Ошол күнү милиция бөлүмүнө Ноокат районундагы базарда мас абалдагы жаран коомдук абалды бузуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Эки кызматкер айтылган дарек боюнча барып, мас абалдагы Эрболот Тургунбаевди табышкан. Ал кызматкерлерге атын өзгөртүп, өзүн Мелис деп тааныштырган. Андан соң медициналык экспертизага алып барышканда, алкоголдук ичимдик ичкени аныкталып, райондук убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бир нече убакыт өтүп, "агасы болом" деген жаран айып төлөп, түшүнүк кат жазып, аны алып кеткен. Ошол күнү кечинде ооруканага жатыптыр. Прокуратурага да "милиция кызматкерлери тарабынан сабалдым" деп арыз жазыптыр".
Ошондой эле мас абалдагы Эрболот Тугунбаев коомдук абалды бузуп жатканын көргөн жарандар бар экенин, милиция кызматкерлери аны күбөлөрдүн көзүнчө тинтүүгө алып, жанынан эч кандай буюм, документтерин табышпаганын, буга байланыштуу тиешелүү документтер толтурулганын кошумчалады Ж.Ашырбаев.
"Ал эми аны убактылуу кармоочу жайдан алып кеткен Сатыбалды Төрөбеков Тургунбаев кармоочу жайдан чыгар замат кетип калганын, андан кийин аны көрбөгөнүн айтат. Анын ошол күнү сабалбаганын экспертиза аныктаган. Учурда прокуратурага жазылган арыз боюнча иликтөө жүрүп жатат. Чечим жакынкы арада чыгат", - деди басма сөз катчысы.