КРнын Баңгизатын көзөмөлдөө кызматына 9 жаңы унаа берилет
16-ноябрь күнү КРнын Баңгизатын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматына жаңы автоунааларды тапшыруу иш-чарасы болот. БУУнун башкармалыгынын баңгизаты жана кылмыштуулук боюнча "КРнын Баңгизатын көзөмөлдөө кызматынын потенциалын чыңдоо" долбоорунун негизинде ишке ашмакчы. Аталган кызматка 9 жаңы автоунаа берилет. Иш-чарага КРнын Коргонуу кеңеши, Орусия элчилиги, АКШ, Казакстан, БУУнун жана башка бир катар тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышмакчы.