Кыргызстандык спортчулар муз үстүндөгү бий боюнча Дубайда өтө турган “The 2013 Golden Cup of Dubai” аттуу
3-эл аралык мелдешке катышат. Маалым болгондой бул спорттук иш-чара 25-27-апрель күндөрү өтөт. Ага 4 жаштан 20 жашка чейинки спортчулар чакырылды. Бишкек шаардык мэриясы билдиргендей, мелдешке Кыргызстандын атынан 15 спортчу аттанууда.