Борбор калаада 28-апрель күнү кол күрөш боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Кыргызстандын Кол күрөш федерациясы билдиргендей, мелдеште жаш улан-кыздар, айымдар жана эркектер 12 салмактык категорияда күч сынашмакчы. Иш-чаранын жыйынтыгында кол күрөш боюнча улуттук курама командасы түзүлүп, алар Польшада өтө турган дүйнө чемпиондугуна катышууга даярданышат.