Орусиядагы элчилик имараттын курчоого алынганынын себебин түшүндүрдү

"Орусиянын Москва шаарындагы элчиликтин алдында митинг болот" деген маалыматтан улам ал жер курчоого алынганын окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 9-декабрда билдирген. Анда ал: "Бүгүн элчиликтин астын кашаа менен тосуп, 5 автобус ОМОН чакыргандарды кандай түшүнсө болот?! Митинг кыла турган мигрант жок ал жакта, алардын колу бошобойт", - деген эле.

Бул тууралуу Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине кайрылганыбызда, имараттын алды атайын органдар тарабынан курчоого алынганын жана Кыргыз өлкөсүнүн жарандары келишкенин тастыкташты.

"Бүгүн элчиликке Кыргыз өлкөсүнүн жарандары келишти. Алар менен миграция, депортация, каттоо жана "кара тизме" маселелери талкууланды. Ага элчиликтин жана Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү катышты. Бардык тийиштүү суроолорго жооп алышты. Акырында протокол түзүлүп, Жогорку Кеңешке кат жолдоо чечимине келишти", - дейт элчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетова.

Ошондой эле Гүлбарчын Байымбетова элчиликтин имаратынын курчоого алынышы боюнча буларга токтолду: "Мындан 3 күн мурун социалдык тармактарда "Кыргыз балдар, келгиле, метродо чогулуп, элчиликке барабыз" деген жарыя жайгаштырылган экен. Аны 85 миң киши окуптур. Орусиянын органдары тийиштүү реакция жасап келишти. Эч кандай кармоо болгон жок. Алар байкап, өз иштерин аткарышты".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nurik11-29
2016-12-09 16:46:49
москвада эмес крга келип ак уйдун алдында откоруш керек!!чынында мигранттар аябай кыйналды!укугу корголбойт!
+15
nurik11-29
2016-12-09 16:47:35
кыргыздын депутаттары каерде болсо креслосун коргойт!!эл менен иши жок!!
+9
tynkatar03
2016-12-09 17:12:11
Элчилик журогу тушуп сразу чакырды да орус омондорун. Ким азыр элчи Отунбаевби?
+5
Torreto
2016-12-09 17:28:49
Москва да жугон мекендештер азыр Элчи ким экенин билишпейт )))
Эмне иш кылып жатышат Элчилик?
+12
nurbek11
2016-12-09 17:53:19
Элчилике иштеш учун акча таштап анан ишке орношкон. Ал акчаны чыгарыш учун элчилик оз чонтогуно иштеш керек. Мигранттардын маселеси элчинин маселесинен кийинки орунда турат. Ошон учун оз укугубузду озубуз коргошубузга туура келип жатат жердештер.
+5
ERCHOROEV
2016-12-09 18:31:16
Москвада Саппсары болсо да полициялар суйлосун заман болуп атат. Мисалы бизде бироону баардык документтерин боло туруп. Каттоосу базадан чекчейип чыгып турса да ачык эле жылдык очет бизди тушун бетине айтып эле. Выдварения кылды. Эми эмне кыласын соттошуп соттон утсан болот бирок адвакат 30мин сурап атат. Ким жооп берет.
+10
chopik7
2016-12-09 19:20:46
жаптырып эле салыш керек Москвадагы элчиликти бир пайдасы тийбеген ден кийин
+12
chopik7
2016-12-09 19:21:16
акча сураган дар алжакта деле
+2
Saribulak
2016-12-09 22:39:19
Негизи элчиликин кереги жок окшойт бизге жардамы тийбегенден кийин
+1
Sezim.A
2016-12-10 10:19:18
Оа да кооздоп тушундурушот да.Буларды текшерген бир инсан болбосо, бал тамган создоруно ишенишип,бул жактагылар кыйратып жатышат деп отура беришет да.Кайда барба карапайым калктын койгойу чечилбей келет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан