"Орусиянын Москва шаарындагы элчиликтин алдында митинг болот" деген маалыматтан улам ал жер курчоого алынды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
"Мындан бир нече күн мурун социалдык тармактарга "9-декабрда элчиликтин астына барып митинг уюштуралы" деген чакырык жасаган видео тараган. Бүгүн элчиликтин астын кашаа менен тосуп, 5 автобус ОМОН чакыргандарды кандай түшүнсө болот?! Митинг кыла турган мигрант жок ал жакта, алардын колу бошобойт", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.