Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигине арыз-муңун айтканы келген 6 жаранды полиция кармап кетти. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда SUPER.KG порталына Москвада иштеп жүргөн Кыргыз мамлекетинин жараны Кубанычбек билдирди.
"Москвадагы элчиликке өз укуктарын талап кылып барган кыргыз мигранттарын полиция кармап кетти. Элчилик өзү полиция чакыртып салып берди. Эмне себептен кармап кетишкени түшүнүксүз болууда. Биздин ишенген элчилик ушундай кылса, биз, мигранттар, кайда барабыз? Биздин үнүбүздү ким угат?" - дейт Кубанычбек.
Буга чейин окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу "Орусиянын Москва шаарындагы элчиликтин алдында митинг болот" деген маалыматтан улам ал жер курчоого алынды" деп билдирген эле. Буга жооп катары Орусиядагы Кыргыз Республикасынын элчилиги: "Бүгүн элчиликке Кыргыз өлкөсүнүн жарандары келишти. Алар менен миграция, депортация, каттоо жана "кара тизме" маселелери талкууланды. Бардык тийиштүү суроолорго жооп алышты. Полиция тарабынан эч кандай кармоо болгон жок", - деген болчу.