Чоң мышыктар алышы (фото)

Немис сүрөтчүсү Инго Герлах Швециядагы Орса Бьёрн жапайы жаратылыш багында амур же сибирь жолборсторунун алышына күбө болгон. Бул жолборстун түрү жоголуп бараткан жаныбарлардын тизмесинен орун алып, Кызыл китепке кирген.

Амур жолборстору Орусия, Түндүк Кытай, Корея жарым аралында жашашкан, тилекке каршы, мыйзамсыз аңчылык бул жандыктардын жок болушуна алып келген.

"Кар жаңы жаап бүткөн. 2 саат күткөн соң жолборстор келип, бири-бирин көздөй бет алышты. Алар арткы буттарына туруп, кол сала башташты. Чабуул кыска убакытка созулганы менен, катаал болду", - деген өз блогунда Инго Герлах.

Ургаачы амур жолборсу 300-500 чарчы чакырым аймакта жашаса, эркеги 600-800 чарчы чакырымга жакын аймакта байырлайт. 2015-жылы Орусиянын Алыскы Чыгышында катталган амур жолборсторунун саны 523-540 болгон.

"Экөө тең өлөрчө алышууну көздөгөн эмес, алсызыраагы артка кайтты", - деген сүрөтчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан