10 жашына чейин Африкадагы жапайы жаныбарлар менен бирге өскөн Типпи (фото)

Редьярд Киплингдин "Маугли" чыгармасындагы башкы каарманды элестеткен кичинекей кыздын сүрөттөрү интернет ааламына жайылууда. Ал сүрөттөргө 6 жаштагы Типпи Дегре жапайы жаныбарлар менен түшүрүлгөн. Типпи өзүнүн алгачкы 10 жылын Африкадагы Намибияда табигый жаратылыштын коюнунда өткөргөн.

Типпи жана сурикаттар, Намибия, 1996-жыл

Сүрөттөр 1996-жылы тартылганы менен, мындан бир нече жыл мурун гана интернетке жарыялана баштаган. Анын ата-энеси Алан Дегре жана Сильвия Роберт штаттан тышкары сүрөтчү болуп иштеп Намибияга барышкан. Типпи ошол жактан жарык дүйнөгө келип, пил, леопард, крокодил, арстандын балдары, акыра, Гарнет галагосу, чаар мангуст, төө куш, сурикат, зебра, гепард сыяктуу жапайы жаныбарлар менен достошкон.Атасынын айтымында, бул пил менен Типпи 1,5 жашында таанышкан. Пил ал уктап жатканда жанына келип, чымын, курттардан коруп турчу.

"Ата-энем менин ысымымды америкалык актриса Типпи Хендерндин атынан коюшкан. Менин башка атым Оканти, ал намибиялык уруунун овамбо тилинен "мангуст" деп которулат. Өз кызын Мангуст деп атоо кызыктай болушу мүмкүн, бирок бул менин окуям..." - деген Типпи Дегре.

Ата-энеси жакшы сүрөт тартууга мүмкүнчүлүк издеп күндө жаратылышта жүрүшчү, ал эми кичинекей Типпи алар менен чогуу болчу. Ал кадам сайын адамга коркунуч жараткан дүйнөнү изилдеп, жаныбарларга артын салбай, тике караганды үйрөнгөн. Типпи жаныбарларды өзүнүн досундай кабыл алып, жакындан таанып, алар менен ойноп, бардык адаттарын билип, кээ бирине тарбия берип, чоңойтконго жетишкен. Анын сүрөттөрүн көргөндөрдүн айрымдары ата-энесин сынга алышат, бирок Типпи жаныбарлар ага эч качан кооптуу болушпаганын айтат.

"Ал жаныбарлар жапайы эмес болчу, биз корукта жашачубуз. Жаныбарлар адамдарга көнүп калышкан. Мен тааныбаган арстан менен ойнобойт болчумун, ал жерде бир гана бака чыныгы жапайы жаныбар болчу", - дейт Типпи.

Жаныбарлардан тышкары Типпи жергиликтүү аборигендер, алардын балдары менен ойноп убакыт өткөрчү. Мындай өзгөчө окуяны четте калтырбай режиссёр Кристиан Край 1997-жылы "Африкалык Типпи" аттуу тасма тарткан. 1998-жылы Алан Дегре жана Сильвия Роберт кызы тууралуу ошондой эле аталышта китеп чыгарышкан. Китеп бир нече тилге которулуп, сатылышы боюнча бир кезде Гарри Поттер тууралуу китепти жеткирбей кеткен.

Типпи 10 жашка чыкканда ата-энеси ага Европадан билим берүү үчүн өздөрүнүн мекени - Францияга көчүп келишкен. Жергиликтүү мектепте 2 жыл гана окуган Типпи окуусун үйдөн уланткан. Ага шаардагы жашоого көнүү оор болуп, өзү теңдүү балдар менен тил табыша алган эмес.

Типпи "Discovery" каналына 6 сериядан турган "Дүйнө жүзүн Типпи менен кыдыруу" тасмасын тартууга 2004-жылы Африкага кайтып, 2005-жылы "Менин Африка жөнүндө китебим" аттуу китебин жазган.


Бүгүнкү күндө Типпи Дегре 26 жашта. Ал китеп жазып, сүрөт тартып, өзүнүн мекенине кайтып, даректүү тасма тарткысы келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
mambo-1984
2016-12-14 15:34:46
укмуш кызго
+1
Rain000
2016-12-14 16:03:34
Ойбоой коркпой жургонун.
+2
KG.Kushtarbek
2016-12-14 16:04:05
Маугли го
+2
saltanat.
2016-12-14 17:22:31
Сонун кыз экен.
+2
vip.aidan96
2016-12-14 20:08:53
Суроттор 1996 жылы тартылганга окшобойтго
+3
momunova.d
2016-12-14 21:04:31
Болушу мумкун
+1
ABDISHkg87
2016-12-14 23:39:10
Кичинесинде ширин кыз болгон экен
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан