Сириядагы Алеппо шаарында каза болгондордун жакындарын колдоо иретинде кечээ, 14-декабрда Франциянын борбору Париждеги Эйфель мунарасынын жарыктары жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө өчүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Мунаранын жарыктары Париждин мэри Энн Идальгонун буйругу менен өчүрүлгөн.
"Дүйнө жүзү боюнча белгилүү имаратты колдонуп, эл аралык коомдоштукка тез арада чара көрүү керектигин эскерттик", - деген мэр.
Эскерте кетсек, Орусия менен Сириянын аскерлери Алеппо шаарын жоочулардан бошотуу
иш-аракеттерин көрүп жатышат. Бириккен Улуттар Уюму Алепподо көптөгөн жергиликтүү тургундар каза болгонун билдирген.