Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев "Кыргызстан" парламенттик фракциясынын бүгүнкү жыйынында сасык тумоо оорусу кийинки жылдын февраль айында дээрлик болбой турганын билдирди.
"Мектептердин карантинге жабылганы сасык тумоо менен курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясын токтотууга оң таасирин берген. Өлкө боюнча ооругандардын саны төмөндөөдө", - деди министр.
Эскерте кетсек, 13-декабрга Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусундагы тургундар арасында оору басаңдаганы менен, Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарында ооругандардын саны өскөн. Учурда Бишкек шаарында бул ооруга чалдыккандардан 900 бейтап бар экени маалым болду.