Бишкекте "Ала-Тоо" аянтына орнотулган балатынын оттору күйдү (фоторепортаж)

Бишкекте "Ала-Тоо" аянтына орнотулган балаты жандырылды. Анын бийиктиги 29 метрди түзсө, диаметри 12,5 метрге жетет.

Балатыны жандыруу иш-чарасына Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов катышып, шаар тургундарын жана конокторун келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Салтанаттын жүрүшүндө катышуучуларга шаардык мэриянын алдындагы оркестр, эстрада жылдыздары майрамдык концерт тартуулашты. Бишкектиктер музыка угуп, Аяз ата, Аяз кыз менен сүрөткө түшүштү.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн башкы балатысына 1200 оюнчук жана улуттук стилдеги 77 жасалга, жылдызча түрүндөгү 60 светодиоддук жасалга жана 50 светодиоддук кар бүртүкчөлөрү, ошондой эле жалпысынан узундугу 2 чакырым 600 метр 260 гирлянда илинген.

"Аяз ата жана бугулары менен жомоктогудай чана" композициясы аянтты өзгөчө көрккө бөлөдү. Эми бул жасалгалар менен балаты шаардын тургундарын жана конокторун январь айынын ортосуна чейин кубандырат.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүн укук коргоо кызматкерлери, "Тез жардам" кызматы көзөмөлдөп турду.

Жарыктар жанган "Ала-Тоо" аянты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
mikoo
2016-12-19 22:26:01
Жаны-жыл мусулман элинин майрамы эмес!!!!
+24
gugu2727
2016-12-19 22:41:55
mikoo,ХХХ ушул жерден дагы чыктынбы сен майрамдабай эле кой
-2
mikoo
2016-12-19 23:13:26
gugu2727,Албетте майрамдабайм ))
+11
admin_portal
2016-12-20 10:20:31
mikoo, mikoo, жеке айтышууларга жол берилбейт, ал үчүн купуя кат бар.
-1
aiba-89-89
2016-12-20 00:46:22
gugu2727,абайлап жазсан болмок. Ал ХХХ болсо сен кимсин анда, же сен мусулман эмессинби?!
+13
Aksy.24kg
2016-12-20 06:16:08
aiba-89-89,эй айланайындар мусулман олко делген ОАЭде деле Дубайда дуйнодо эн чон фейерверхтер атылып жаттпайбы .! Биз Рождество майрамдаган жокпуз !!биз жаны 2017-жылды тосуп жатак!
+3
admin_portal
2016-12-20 10:19:26
gugu2727, этика нормаларын сактаңыз!
+1
Ican87
2016-12-20 14:35:19
mikoo, Кудайга шугур, баардык эле кыргыздар мусулман эмес:) Мен мусулман эмесмин, бир дагы динге ишенбейм, ал эми жаны-жыл жакшы майрам:))
-7
Tansuluu09
2016-12-19 22:46:48
Соонунго азаматсынар
+1
ABDulHai
2016-12-19 23:35:24
mikoo.Бар бол дайым сендей кыздар көбөйсүн,мусульмандарда эки эле майрам бар.
+3
AtbawyKadamjai
2016-12-20 00:05:46
Мурда ушул майрамды чыдамсыздык менен кутчу элем. Ёлка жасап, уйду кооздоп. Намазга жыгылганымдан бери андай сезимдер жоголду альхамдулиллях, майрамдабайм)) эми жолдошума, туугандарыма, кыргыз элиме Аллахым ыйман ынсап берсин!
+7
Aidai5555
2016-12-20 00:18:20
Жаңы жыл шаңы, сонун болуптур! Келе жаткан Жаңы жылыңар менен!
+2
ulanbek2000
2016-12-20 01:19:10
Балатынар жылдагынан жакшы
+2
nur_zhoni
2016-12-20 01:51:38
Майрамдабайм дегендин баарын эле эртен кором площадьан
+3
Bek_abad
2016-12-20 02:34:47
Ээхх 900мин айып эле ошондон коро бир тууган акчага зар адамдар журот операцияга акчасы жок Ошолорго берсек аман калышса мына ошону туура деп билем Биз бир жашка каарып атсак аны эмнесини майрамдашыбыз керек тушунбойм
0
pepew95.
2016-12-20 02:53:42
Bek_abad,ошону айтсан жердеш... Менда бек абадтан болом))
+2
aikera1992
2016-12-20 05:34:01
Ушул кооздукка кеткен акча кээде жон эле жок болуп кетет. Биздин олко коп улуттуу, ар ким озу билет кайсы майрамды майрамдап, кайсыны жон коюшту. Бир гана байкаганым бул кооздук канча адамдын маанайын которуп, канчасын эс алдырып жатат. Ансыз тугонбогон проблемалар менен алышкан жашообузда мындай белек кимдин маанайын которбойт? Менин оюм эн жакшы. Азаматсыздар. Кааап, бир гана жери мекенимден алыстамын. Кантсе да, бул жакшы корнуш. Келе жаткан жаны жылыныздар менен мекендештерим.
+4
dastan.bujun
2016-12-20 06:31:46
салюттарга эле миллиондогон акча кетет Кытай суйунот.
+2
Beksultan-007
2016-12-20 08:50:14
Мусулмандардын жаны жыл майрам болбосо анда кайсы календарь менен жаны жылга отобуз. Азыркы учурда майрамдын кобуроок болгону жакшы. Бардык жакта негатив,жанылыктарда,дуйнодо.сайттарда жалан жаман жанылыктар.
+4
admin_portal
2016-12-20 10:21:51
Kaary, порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kgэлектрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
+1
kudaiberdieva98
2016-12-20 10:50:51
алдай бербегилечи... баарынар майрамдайсынар бул майрамды анан калп эле майрамдабайм деп.
+2
kudaiberdieva98
2016-12-20 10:51:27
бул уй-булолук майрам болуп калган
+2
Sajakat14
2016-12-20 16:03:52
Азаматтар! Сонун балаты экен!Жаңы жалда балатыны коздоо СССР убагынан калган бизге. Европада балатыны кооздоо христиандардын салты болсо, бизди эч кандай диний мааниси жок эле. Кыргызстанда 31 -декабрда жана 21-мартта дагы жаңы жылдар өткөрүлөт. Бул дагы биздин тарыхыбыз. Нооруз жаныбыздагы Иран элинен келген жаңы жыл. 31-декабрдагы жаңы жыл христиандардын жаңы жылы. Бизде 2 чоң жаңы жыл майрамдары бар. Кандай сонун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан