Бактыбек Абдиев (сүрөттө) өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин директору болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 19-декабрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Аталган агенттикти 2013-жылдан бери Турдубек Мамбетов жетектеп келген. Премьердин башка буйругу менен ал кызматтан бошотулду.
Бактыбек Абдиев буга чейин Бишкек шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген.