Өлкөнүн тоолуу райондорундагы унаа жолдоруна кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өлкө аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82-чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдары, Нарын-Казарман унаа жолунун Кара-Көө ашуусунун 67-94-чакырымдарындагы Ийри-Суу тилкесинин 42-44-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Ошондой эле Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунун 45-92-чакырымдары жана Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сары-Мойнок ашуусунда көр көчкү түшүүсү ыктымал", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунун 121-138-чакырымында, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайынын 198-265-чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы 65-90-чакырымдары, ошондой эле Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендигин эскертет.