ЖЫЛНААМА, 20-ДЕКАБРЬ: 317 жыл мурун Пётр I Орусияда Жаңы жылды 1-сентябрдын ордуна 1-январда тосуу тууралуу мыйзам чыгарган

1699-жылы 20-декабрда Пётр I Орусияда Жаңы жылды 1-сентябрдын ордуна 1-январда тосуу тууралуу мыйзам чыгарган. Ал 1700-жылы 1-январда үйлөрдү карагайлардын түрлөрүнүн бутактары менен кооздоого жана адамдарды бири-бирин Жаңы жылы менен куттуктоого буйрук берген. Майрам күнү Кызыл аянтта фейерверк атылып, ага карата уюштурулган иш-чаралар 6-январда аяктаган.

Байыркы замандарда Жаңы жылды жазга байланыштырышкан. Табияттын жаңыдан ойгонушу менен келечектеги түшүмдүүлүктүн кабары элди бейкапар калтырчу эмес. Ушундан улам байыркы орус эли да Жаңы жыл майрамын 1-мартта тосчу. Кийин Москванын чиркөөсүнүн чечими менен Жаңы жыл грек календарына туураланып, 1-сентябрга жылдырылган.

20-декабрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан