Кечээ Ош облусунун аймагында катуу бороон болуп, каттамдар убактылуу токтотулган

Кечээ Ош облусунун аймагында катуу бороон болуп, каттамдар убактылуу токтотулган. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-декабрь күнү саат 17:40 чамасында Сары-Таш айылынан "Бор-Дөбө" чек ара заставасына чейинки аралыкта, болжол менен 25-чакырымында катуу бороон болуп, айдоочуларга жол көрүнбөй унаалардын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралган. Ошондой эле бороондун кесепетинен жол жүрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Тажик Республикасы тараптан Сары-Таш айылына келе жаткан 3 унаанын жүргүнчүлөрү "Бор-Дөбө" чек ара постунун жылуу бөлмөсүндө убактылуу жайгашып турушкан. Саат 20:10 чамасында бороон токтоп, карды тазалоого №960-Жол тейлөө ишканасынан 1 техника тартылып, саат 22:25 чамасында жол тазаланган. "Бор-Дөбө" чек ара постунда турган 3 унаа жүргүнчүлөрү менен кыйынчылыксыз өтүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан