1954-жылы 20-декабрда Кыргыз мамлекетинин биринчи академиктерине жогорку илимий наамды тапшыруу үчүн өткөрүлгөн Кыргыз ССР Илимдер академиясынын кезектеги жыйыны Опера жана балет театрында ачылган. Кыргыз өлкөсүнүн биринчи академиктери шайлоо жолу эмес, аныктоо ыкмасы менен жогорку илимий наамды алышкан. Илим изилдөө институттары менен жогорку окуу жайлар жогорку илимий наам үчүн 100 талапкерди Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешине сунуш кылышкан. Министрлер кеңешинин атайын токтому менен талапкерлер арасынан 13 академик жана 14 мүчө-корреспондент аныкталган. Илимдер академиясынын салтанаттуу жыйынында илимдин докторлору Иса Ахунбаев, Игорь Батманов, Анна Волкова, Бегимаалы Жамгырчинов, Иван Дружинин, Николай Захаров, Евдокия Розова, Константин Юдахин, Болот Юнусалиев жана илимдин кандидаттары Асылбек Алтымышбаев, Жумагул Алышбаев, Сталиндик сыйлыктын лауреаты Түгөлбай Сыдыкбеков менен Кыргыз ССРинин Эл акыны Аалы Токомбаевге академиктик наам тапшырылган.
20-декабрга карата жылнаама.