Кар күрткүсүнөн улам жабылган Түп-Кеген унаа жолу ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
"2016-жылдын 19-декабрында саат 20:08 чамасында Түп-Кеген унаа жолунун 35-44-чакырымында шамалдын кесепетинен кар күрткүсү пайда болуп, жол жабылып калган. №4-Жол тейлөө ишканасынан 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тазалоо иштерине тартылып, саат 22:10до ачылган", - деп айтылат басма сөз кызматынын маалыматында.