1940-жылдардын түстүү сүрөттөрүн көрүү мүмкүн эмес. Жогоруда ошол жылдардын саркеч кийимдерин кийген кыздардын түстүү сүрөттөрүн гана эмес, сапаттуу да сүрөттөрүн көрүү мүмкүн. Мындай сапаттуу сүрөттөрдү учурда кээ бир сүрөтчүлөр да тарта албайт. Ал доордун аялзаты кандай кийингени жана кандай көрүнүшкөнү көпчүлүктү кызыктырса керек.
Ал эми моделдик тармакка кызыккандар пластикалык операция, силикон жана Photoshop программасы жок кездеги сулуулук кандай көрүнгөнүн баамдай алышат.
Баарына белгилүү болгондой, 1940-жылдардагы согуш бүт тармакка өзүнүн таасирин берген. Ошол кездеги мода да таасирине кабылып, аялдардын кийими ага ылайык өзгөргөн. Кездеменин жетишсиздигинен юбкалар кыскарып, көйнөктөрдүн көрүнүшү жөнөкөйлөтүлгөн.