Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мамлекеттин эсебинен каржыланган аймактык түзүмдөрү бириктирилип, Өрткө каршы күрөшүү агенттиги жоюлат. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өрткө каршы күрөшүү агенттиги жоюлуп, облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыктары менен Облустук өрткө каршы мамлекеттик кызматтары, Райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү, Райондук өрткө каршы мамлекеттик кызматтары бириктирилет. Бул кадам министрликтин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлө баштаган оптимизациялоонун алкагында болот. Кызматтарды бириктирүү менен райондук бөлүмдөр күчтөндүрүлөт", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аталган министрликте бирин-бири кайталаган кызматтар жоюлмакчы. Өзгөртүүлөрдүн жүрүшү кызматкерлердин маянасына таасирин тийгизбейт.
Мындан сырткары министрликтин өздүк курамын социалдык жактан колдоо, турак жай менен камсыз кылуу максатында быйылкы жылга республикалык бюджеттен 303 миллион сом акча каражаты бөлүнүп, Бишкек шаарынын Чолпон-Ата көчөсүндө 214 миллион 693 миң сомго 162 батирлүү 9-кабаттуу 3 үй курулуп жатканы маалым болду. Калган 88 миллион 307 миң сомго Жалал-Абад облусуна 24 батирлүү 4 кабаттуу жана Нарын облусуна 24 батирлүү 4-кабаттуу үйлөрдү куруу иштери башталган.
"Бул үйлөрдү бөлүштүрүү мыйзам чегинде, белгиленген тартипте министрликтин жалпы кызматкерлери үчүн баарына бирдей көз карашта, тиешелүү турак жай комиссияларынын корундуларынын негизинде гана жүргүзүлөрүн баса белгилейбиз", - деп кошумчалашты министрликтен.