Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда жетим балдарга жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жаңы жыл алдында, 29-декабрда Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы 1100 томолой жетим жана жарым-жартылай жетим балдарга, ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жаңы жылдык балаты майрамын өткөрөт. Майрамдык кечеге ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар да чакырылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, майрамдык салтанатка 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун балдары, Ооган согушуна катышкан үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылат. Ошондой эле буга чейин жүргүзүлгөн түрдүү сынактардын жеңүүчүлөрү жана мыкты окуган окуучулар жаңы жылдык балатыга катышмакчы.