Бүгүн, 20-декабрда Бишкектеги билим берүүчү мекемелердин биринде Дүйнө элдеринин тамак-аш жумалыгы өткөрүлүп, анда Кыргыз Республикасы, Пакистан, Индия, Түркия, Америка, Кытай жана Корея өлкөсүнүн улуттук тамак-аштары тартууланды.
Алгач өлкөдөгү иш-чаранын конокторуна сөз берилип, андан соң түрдүү өлкөнүн маданияты чагылдырылган концерттик программа көрсөтүлдү. Ошондой эле 7 өлкөнүн тамактары даярдалып, ооз тийүүгө берилген соң катышуучуларга даярдоо жолдору жазылган баракчалар таркатылган. Уюштуруучулардын бири Шелпи Гуптанын айтымында, мындай иш-чара жаштардын башка маданиятты таанып-үйрөнүүсүнө, сыйлоого түрткү берет.
"Жаңы жыл майрамына карата уюштурулган маданий жумалыкта катышуучулар бири-биринин маданиятын, тамак-ашын, үрп-адатын үйрөндү десек болот. Бул нерсе жаштардын башка маданиятты таанып-үйрөнүүсүнө, сыйлоого түрткү берет. Ошондой эле алар бүгүнкү эл аралык ашкана күнүндө 7 элдин улуттук тамак-ашы кандай жасаларын гана көрбөстөн, ооз тийип, үйрөнө да алышты деп айта алам", - деп билдирди Ш.Гупта.