Жалал-Абад. Социалдык фонд пенсия өз убагында берилип жатканын билдирди

“Облустун пенсионерлери акчасын өз убагында алып жатышат жана алар тараптан эч кандай нааразычылык жок”,- деп Социалдык фонддун Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Рустамбек Тургунов билдирди. Анын айтымында, 2012-жылдын 9 айына каралган планга ылайык, 345,9 миллион сом бекитилген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 75,9 миллион сомго көбүрөөк. Учурда ушул жылдын 1-октябрына карата Жалал-Абад шаары боюнча 6983 пенсионер каттоодо турат. Анын ичинен 4974 киши карылыгы, 1524ү майыптыгы, 420сы багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсия алышат. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу катары саналып жана согушта майып болгондугу боюнча 37 кишиге өтөгөн өзгөчө кызматы үчүн персоналдык пенсия берилет.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан