Ибрагим Жунусов: "Орусия элчисинин өлтүрүлүшү боюнча көрсөтмө берүүгө даярмын"

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов Орусиянын элчиси Андрей Карловдун өлтүрүлүшү боюнча көрсөтмө берүүгө даяр экенин бүгүн, 20-декабрда "Россия-24" телеканалына берген маегинде айтты.

Ошондой эле ал кылмышкер Мевлют Мерт Алтынташты Карловдун жан сакчысы деп ойлогонун айткан.

"Биз анын төшүндөгү күзөт кызматынын белгисин көрүп элчинин жан сакчысы деп ойлогонбуз. Ал бир алыстап, бир жакындап жаткан, ага көп деле көңүл бурган эмеспиз. Карлов сүйлөп баштаган соң, болжол менен 2 мүнөттөн кийин атылды. Бизге "жерден турбагыла, кыймылдабагыла" деди. Карлов бизден 3-4 метр алыстыкта жатты. Кылмышкердин огу түгөнүп, куралын октомой болгондо, 25тей адам бөлмөдөн качып чыкканга үлгүрдүк", - деди Жунусов.

Өзүнүн маегинде Ибрагим Жунусов Андрей Карлов жана дагы башка элчилер тыгыз байланышта болуп, майрамдарды бирге өткөрүп жүрүшкөнүн жана орусиялык элчи өзүнүн ишин мыкты билген кызматкер болгонун айтып, жубайынын көзүнчө өлтүрүлгөнүн кошумчалады.

"Ал баарынан жубайынын абалына сарсанаа болуп жүргөн, себеби жубайына операция жасалган. Ошол кечеде жубайы дагы бар болчу. Орусия менен Түркиянын кызматташтыгы биринчи кезекте Карловдун аракети менен жакшырды", - деген кыргыз элчиси.

Орусиянын Түркиядагы элчиси октон каза тапты-2
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Keremet008
2016-12-21 01:01:57
Кубо болсун эми кимди куноолошот ал аткан жигит олуптур. Ким заказ бергенди тапкыла эми
+1
mambo-1984
2016-12-21 02:12:36
Созуз табыш керек
+1
Kairat.96
2016-12-21 02:21:54
Ээ кудай сабыр берсин
+1
Siren.ms
2016-12-21 02:26:45
былтыр жаны жылга жакын толгочулор айтышкан эле Оруссия менен Туркиянын мамилеси оорлошот анан Туркияда 3 дуйнолук согуш болуп кетиши мумкун буга Оруссия аралашат деп жазганы бар эле.
-14
ERCHOROEV
2016-12-21 04:25:33
Siren.ms,толгочулорго ишенсен афтомат ыймандан чыгасын. Бакшы козу ачык толгочу колундун алаканын карап айтып бергендер ордочурарга ишенсен бир секунтта (каафыр) мусулсан эмес болосун. Келиме келтире элегинде олсон жаназа буйрубай калат. Бундай динден чыгарган муртаттардан абайлагыла. Озубуз билбейбиз бирок Жараткандын астына ыйманы жок болуп карып калбайлы.
+18
Siren.ms
2016-12-21 02:27:46
аткан Адам оз омурунон коркпой келип олтургонго кандай тан калычтуу. окуя
-3
nur_zhoni
2016-12-21 04:43:00
Siren.ms:
Аны жан кечти дейт
+2
Manas230595
2016-12-21 10:03:28
nur_zhoni,jan kechti bul ajal degeni jan kechti bolo berse baardyk adam olup ketmek adam ajaly jetmeknche ne bolso bolsun olboit eki jol bar adam tandap bara turgan al atkan adamdyn jolu jaman jol eken kordukta oldu dese bolot al ozun alla jolunda oldum dep oiloit negizi andai emes
+1
Rifle_I
2016-12-21 21:03:31
Ал Алеппонун өчүн алды. Кимдир бирөө үчүн ал эрдик кылды, кимдир бирөө үчүн ал баатыр.
Ал эми Россия үчүн террорист.
Алепподо эмне болуп жатканын , ким кимди геноцид кылып жатканын билбей туруп, чечим чыгаруу кыйын.
0
Manas230595
2016-12-21 10:00:29
Siren.ms,tolgogo iwensen nege mussulmanmyn dep jurosun bir allaga isheniah kerek tolgochulorgo iwengender dele 2012 kyamat bolot degenden kiin ishenbei kalyshty okwoit sen dagy dele iwensen kapyr bolgonundan kabar beret kelme keltir kiin kech bolot i suilogondo abailap suilo oz omurunon korkpogonu aila jokton kyldy al iwti kylbasa any olturmok bul ajal al owo kunu keliptir ekono birdei ajal kelgende kudai ar nerseni sebep kylyp alat aga owol sebep boldu yimandan chykpagyla jany jylda haram!!!
+1
Kulatov
2016-12-21 23:11:35
Manas230595,силер чала молдо дин бузарлардансыңар илгерки молдолор эмнеге майрамдарды харам дебей эле жүрүшкөн баары жок өз жолу менен болот
-1
Totyua.71.
2016-12-21 07:12:23
Дагы Ибрагим Жунусов аман калыптыр буга да шугур
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан