Ош шаарына тургузулуучу актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги курулуп бүтпөй калды

Ош шаарына алгачкы жолу орнотулуучу актёр Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги курулуп бүтпөй калды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда SUPER.KG порталына эстеликтин архитектору Төрөбай Билибаев билдирди.

"Эстеликтин өзүн жана орнотулуучу жайдын макетин даярдап бүткөнбүз, бирок бүгүнкү күндө Сүймөнкул Чокморов фондунан каражат бөлүнбөй иш токтоп турат. Бул курулуш 2016-жылы бүтүшү керек болчу. Айкелдин жайын даярдоого Ош шаардык мэриясы да 2016-жылы акча каражатын чечип бере албай калды. Шаардык мэриянын тийиштүү кызматы 2017-жылы акча каражатын чечип берүүнү пландап жатат. Эгерде шаардык кеңеш сессияда карап, каражат бөлүп калса, анда эстеликти куруп бүтөбүз", - деп билдирди Билибаев.

Маалым болгондой, жаз алды менен эстеликти орнотууга бөлүнгөн 6 сотых жердин айланасы тазаланып, жаш көчөттөр отургузулуп, жасалгаланмакчы. Төрөбай Билибаевдин маалыматына ылайык, айкелди ачуу аземи 2016-жылдын 4-октябрында Ош шаарынын күнүнө карата өтмөк.

Эске салсак, Чокморовдун эстелигин орнотуу аракети үстүбүздөгү жылдын август айында башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Revolyutsiya
2016-12-21 10:17:40
Бул да болсо Оштун атамбаевчил мэри Айтмамат Кадырбаевдин "купулдоп катуу иштеп" жатканынан кабар берет...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан