Бишкекте троллейбустун жол киреси 8 сом. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий депутат Алмазбек Токторовдун ("Кыргызстан") суроосуна жооп берди.
Мэрия өкүлүнүн айтымында, борбор калаадагы муниципалдык транспорт почточулар, пенсионерлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн акысыз. "Бишкекте күнүнө 105-108 троллейбус иштейт. Бул транспорттор 11 айда шаар ичинде жалпысынан 18 миллион жүргүнчүнү ташыды. 2017-жылы жаңы 50 троллейбус сатып алганы жатабыз. Негизги максатыбыз - Бишкектин борбордук бөлүгүндө маршруттук таксилерди азайтуу. Жаңы троллейбустар иштеп баштаары менен маршруткалар жок болуп кетет дегенден алыспыз. Буга жетишүү үчүн жаңы 600 автобус керек", - деди Милицкий.
Мындан тышкары ал бир троллейбус күнүнө орто эсеп менен 3500 сом киреше таап жатканын белгиледи.