Өлкө аймагында 22-декабрдан 24-декабрга чейин мезгил-мезгили менен кар жаайт. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"23-24-декабрда айрым жерлерде кар калың жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды эрежелерди сактап, жолдо абайлап жүрүүгө чакырат.