Чүй облусунун Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевге катуу сөгүш берилди

Чүй облусунун Жайыл районунун акими Турусбек Ногоевге катуу сөгүш берилди. Бул тууралуу буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-декабрда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

"Ага ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрация жетекчиси Турусбек Ногоевге катуу сөгүш берилди. Бул чечим мамлекеттик администрация жетекчиси Турусбек Ногоевдин ишинде райондогу коомдук-саясий абалга көзөмөлдөө жүргүзүүдө, укук коргоо органдарынын, министрлик жана административдик ведомстволордун аймактык түзүмдөрүнүн ишин координациялоодо кемчиликтер аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынган", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары Турусбек Ногоев калк менен иш алып барууда жигерсиздикти көрсөткөндүгү кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aiko_92_29_08
2016-12-21 13:54:09
ХХХ десе
0
admin_portal
2016-12-21 13:59:33
Aiko_92_29_08, этика нормаларын сактаңыз!
0
Mr.enriiko
2016-12-21 21:55:55
Ал Турузбек Ногоев ЖАКШЫ иштейт чынында ал мугалим болуп келгенде мен бешинчи класс та окуучум абдан порядочный адам. Он жылдын ичинде уч мектепке директор болуп иштеди баарын орду ордуна коюп района на чон болуп которулгон.Чынында мугалимдин уйбулосундо чонойгон абдан порядочный адам.Бизди класс абдан тентек элек эгер ошо агай келбегенде карабалтанын балдарын билесинер Ким кандай болуп чоноймок билбейм.Баарыбыз ЖАКШЫ адамболдукгоо деп ойлом.Чынды Чындеп айтыш керек. Ал озкучу менен Акимге же.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан