Депутат чиновникке кайсы көчөлөрдө МАИчилер "шабашка" кылып жатышканын айтты

Жогорку Кеңештин жыйынында мас абалда автоунааны айдаган адамга салынчу айып пулду жогорулатуу тууралуу мыйзам долбоору талкууланууда. Анын жүрүшүндө депутаттар МАИ кызматынын инспекторлорунун иши боюнча нааразычылыктарын айтышты.

Депутат Зиядин Жамалдиновдун айтымында, МАИ инспекторлору кортеж өткөндө гана жол тыгындары менен күрөшүүдө. "Ал эми кортеж өтпөгөн учурда МАИчилер жолдун четинде эле турушат. Жөн эле туруунун ордуна унаа кыймылын жөнгө салышса болот", - деп нааразычылыгын айтты.

Депутат Таабалды Тиллаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асановго кайрылып, Абдрахманов көчөсүндө жана Айтматов кең көчөсүндө МАИчилер унааларды токтотуп, айдоочулардан пара алып жатышканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
juma11anara
2016-12-21 15:13:53
Чуйдо деле турушат. Жогорку кеңештин маңдайында.
0
Mirlan5
2016-12-21 15:20:44
Параны МАИ кызматкерлери алат көөпчүлүгү... мындай жоруктарын бүт эле билесиңер (бийликтегилер ). Калп эле баары апакай дейсиңер... айла жок аттиң дейсиң намысы жок бийлик төбөлдөргө...
0
nur_zhoni
2016-12-21 15:37:54
Ушулардын министири ким ошону иштен алыш керек кийинкисин коюуп бир гаи пара алса сен иштен кетесин деш керек
0
Bazake
2016-12-21 16:04:50
Азыр МАИлердин пара алганы ото куч алып кетти. Булар эптеп эле шылтоо издеп ар кайсы бурчта турат. Кечинде болсо 11ден кийин шаардын чет жактарында унааларды четтен токтотуп акчасын шыпырып жатат. Ким буларга мындай укук берди?
+2
BekAmir
2016-12-21 16:52:08
МАИ коррупцияга белчесинен малынган
0
aydinnur
2016-12-21 17:02:56
болбогон нерсени жазасынар да((негизи азыр озун бербесен,эч ким албайт,и тартип бузбасан токтотпойт,бузганда да озубуз беребиз жанталашып колуна....мурунураакта машина айдаганынар бар болсо,айырма асман-жер экени билинет..
+2
bekos2012
2016-12-22 09:44:13
5-10 жылдай мурда МАИлер жөндөн жөн эле тосуп, акча сураган учурлар аябай көп болчу, азыр ага салыштырмалуу жакшы эле. 90% айдоочулар өзүбүз күнөөлүүбүз, жол эрежесин бузбай айдасаң МАИлер мышыгыңы пыш дебейт, өзүбүз нарушение кылабыз, анан пара сунуштайбыз да
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан