Жөө жүрүүчүлөр унаа менен оңго же солго бурулууда депутат Тазабек Икрамовго тоскоолдук кылып жатышат. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин 21-декабрдагы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Ички иштер министрлиги жөө жүрүүчүлөр үчүн атайын жол чырактарды орнотуп чыгышы керек. "Айрым жөө жүрүүчүлөр телефон менен сүйлөшүп шашпай басышат. Айдоочулар аларды аргасыз күтүүгө мажбур болушат. Эгер өткөрбөй өтүп кетсек, аңдып турган МАИчилер тосушат", - деп нааразычылыгын билдирди Икрамов.
Мындан тышкары ал чиновниктер да депутаттардай катардагы унаа номурлары менен жүрүшү керектигин айтты.