15-декабрда Токтогул ГЭСинде кубаттуулугу 300 мегаваттык №2-гидроагрегат анын көмөкчү жабдуусунун жабыркашынан улам пландан тышкары өчүрүлгөн. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы бүгүн, 21-декабрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, 500 киловаттык кабелдин бузулушунун себеби аныкталууда, ал эми жеринде Токтогул ГЭСинин кызматкерлери, анын ичинде жетекчилери, кабелдик жабдуулар боюнча орусиялык адистер жана Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын комиссиясы иштеп жатат.
"Электр энергиясы боюнча чектөөлөр жок, ГЭСтердин баары суу-энергетикалык тартипте иштеп жатат. Учурда бардык ГЭСтердин жана Жылуулук электр борборлорунун жалпы кубаттуулугу өлкө боюнча керектөөгө жетет", - деп айтылат маалыматта.
Басма сөз кызматы ЖМКга тараган маалымат боюнча да билдирүү жасаган:
"Компания авария тууралуу маалыматты жашыргандыгы жөнүндө жазылган билдирүүлөр булактын кесипкөй эместигинен кабар берет. Себеби мындай авариялар, жабдуулардын иштен чыккандыгы тууралуу оперативдүү түрдө бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга жарыялоо тартибине ылайык айтылат".