Жогорку Кеңештин жыйынында мас абалында унаа башкарган айдоочуларга салынчу айып пулду көтөрүү тууралуу мыйзам долбоору каралууда. Анын жүрүшүндө депутат Жанар Акаев МАИ кызматынын инспекторлорунун беделин жогорулатуу зарыл экенин айтты.
"Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине батирлер берилип жатат, бирок МАИнин кызматкерлерине бөлүнбөй калууда. Эгер жол инспектору турак жайлуу, курсагы ток болсо, ал айдоочулардан пара албай таза иштейт", - деди Акаев.
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар МАИнин дарегине сын-пикирлерин билдирип, тармакта коррупция менен күрөшүү зарыл экенин айтып жатышты. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору 1-окууда жактырылды.