АКШнын Арканзас штатынын Грег Уикхерст аттуу жашоочусу Рождество майрамына карата кызынын чачын түрдүүлөп жасап баштаган. Ал үчүн Грег атайын чачтарачтын окуусун бүткөн. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта Грег Уикхерст 4 жаштагы Иззи аттуу кызын жалгыз тарбиялаары айтылат. Мектептеги майрамдар үчүн ал Иззинин чачын атайын кооздолгон кичинекей балаты жана белектер менен кооздоп, интернетке жүктөгөн. Өзгөчө чач жасалгалоого ага бир сааттан ашуун убакыт кеткен. Ал эми Грегдин мындай чеберчилиги интернет колдонуучуларынын кызыгуусун жаратып, көптөгөн билдирүүлөр калтырылган.