Баткен районунун Дара айыл аймагына караштуу Кан айылында 225 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кан айылы райондун борборунан 100 чакырым алыс жайгашкан шарты катаал айылдардын бири. Буга чейин окуучулар эски мектепте окуп келишкен. Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен 225 орундуу мектептин курулушу жүрүп жатат. 2017-жылдагы жаңы окуу жылына карата мектеп пайдаланууга берилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, мектептин курулушунун сметалык баасы 42 миллион сомду түзгөн. Билимкананын спортзалы, ашканасы, жылытуу системи заман талабына ылайыкташтырылган.