Анкарада сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында Орусиянын элчиси Андрей Карлов атылып өлтүрүлгөн соң абал курчуду. Элчиге карата ок аткан жан кечтинин полицияда 2,5 жылдан бери иштеген Мевлют Мерт Алтынташ экени белгилүү болгондон кийин көпчүлүк кырсыкты кайсы жактан күтөрүн билбей калды. Буга мисал катары окуядан кийин Иран, Орусия жана Түркиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусундагы көрүнүштү алып карасак болот.
Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, бул сүрөт интернетте катуу талкуу жаратууда. Сергей Лавров (Орусиянын тышкы иштер министри), Мевлют Чавушоглу (Түркиянын тышкы иштер министри) жана Жавад Зафир (Ирандын тышкы иштер министри) жолугуп, Сириядагы окуяларды талдап жатканда алардын артында жан сакчылар да турушту. Кызыгы, анда ирандык министрдин жан сакчысы түркиялык министрдин жан сакчысынан көзүн албай, анын ар бир кыймылын көзөмөлдөп жатты. Ал эми орусиялык министрдин жан сакчысы эшик тараптан орун алып, ошол жерден окуяга көз салып турду.