Жаңы жыл алдында ар бир кичинекей бала Аяз ата менен жолугуп, андан белек алып, сүрөткө түшүүнү кыялданат. Бирок бул ойду жогорудагы сүрөттөр топтому жокко чыгарчудай. Сүрөтчү Жефф Роффман Аяз атадан коркуп ыйлаган бөбөктөрдү сүрөткө тартып алган. Анын бул сүрөттөрүнүн бири күлдүрсө, бири боор ачытат. Балким, бул бөбөктөр Аяз атаны башкача элестетишкендир же ата-энеси сүрөткө түшүрүү үчүн жөн гана туура эмес убак тандап алышкан чыгар...