Бишкекте балыкты мыйзамсыз уулап саткандар кармалышты

Бишкекте балыкты мыйзамсыз уулап саткандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Экологиялык жана коопсуздук боюнча инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Экологиялык жана коопсуздук боюнча инспекциясы бир канча жолу рейд жүргүзгөнгө карабастан, мыйзамсыз балык уулагандардын саны төмөндөбөй жатат. Балыктар борбор калаага көбүнчө Ысык-Көл облусунан, Соң-Көлдөн жана Токтогул районунан келет. Ошондой эле Орто-Токой суусунан кармалган балыктар да бар. Бишкекте акыркы 15 күн аралыгында браконьерлерден 45 килограмм балык, 2 килограмм икра алынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандарга 4 протокол толтурулуп, сотко жиберилген. Ал эми балыктар убактылуу сактоочу жайга киргизилген. Жаңы жылга чейин атайын рейддер уюштурулуп, мыйзамсыз балык кармоочулар менен күрөшүү иштери жүргүзүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurik838383
2016-12-22 13:28:00
Оздору мыйзамдуу иштегенсип, ошо 45 кг балыкты оздору эле болушот
+4
zhanarbek80
2016-12-22 14:39:24
Тема укмуш
0
Sonyvaio
2016-12-22 19:28:54
15 кундо 45 кг жомок эмесби? Мен 45 тоонна деп ойлоптурмун. Эгер 45 кг эле болсо жанылык катары жазбай эле койгула. Ак уйдо аркардын этин жеп олтурушатко же Ак уйдун алтындагы газондо аркар багышабы?
+2
abdrakhmanovich
2016-12-23 13:22:04
Sanyvaio сөзүңүзгө 200% кошулам!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан