Чебурашканы ойлоп тапкан орус жазуучусу, сценарист Эдуард Успенский 79 жашка толду. Ал 1937-жылы 22-декабрда Москва облусундагы Егорьевск шаарында туулган. Жазуучу көпчүлүккө “Крокодил Гена жана анын достору”, “Чебурашка жана анын достору” сыяктуу балдарга арналган чыгармалардын автору катары таанымал. Анын белгилүү каармандары крокодил Гена, Чебурашка, мышык Матроскин жана башкалар болуп саналат.
Мектепти аяктаган соң Москва авиациялык институтунда окуган. Студент кезинде китеп жаза баштап, алгачкы чыгармасы 1960-жылы жарык көргөн. Инженердин дипломун алган соң ал өзүн толугу менен чыгармачылыкка арнаган. Алгач жазуучу Аркадий Арканов менен бирге юмористтик чыгармаларды жазып, кийин балдар үчүн китептерди жазууга өткөн.
1974-жылы Э.Успенский мышык Матроскин, почтальон Печкин жана Фёдор байке аттуу каармандарды ойлоп таап, "Фёдор байке, ит жана мышык" китебин жазган. Бул чыгарманын негизинде режиссёр Владимир Попов 1978-жылы "Простоквашинодон үчөө" мультфильмин тарткан.
Жазуучу "Радионяня" берүүсүн жана "АБВГДейка", "Спокойной ночи, малыши" телекөрсөтүүлөрүн жаратууга катышкан. Ошондой эле "В нашу гавань заходили корабли" программасын алып барып, айрым мультфильмдерге сценарий жазган.
Успенскийдин чыгармалары дүйнөнүн 25 тилине которулуп, Голландия, Франция, Ярония, Финляндия жана АКШда популярдуу.
Чындыгында эле Чебурашка – ойдон чыккан каарман. Бир жолу Эдуард Успенский көчөдөн кичинекей кызды көрүп калган. Өзүнөн чоң көлөмдөгү тон кийген кыз улам этегин басып жыгылып жатканынан аны ата-энеси эркелетип Чебурашка деп аташкан. Ошондо жазуучу Чебурашка деген табышмактуу жандыкты ойлоп тапкан.
22-декабрга карата жылнаама.