Эпидемиологиялык абал республика боюнча басаңдады

Сасык тумоо жана курч мүнөздөгү респиратордук вирус инфекциясына байланыштуу эпидемиологиялык абал республика боюнча турукташты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 22-декабрда билдирди.

"19-декабрга болгон көрсөткүчтөр боюнча ооругандардын саны 1,7 эсе төмөндөдү. 12-декабрда сасык тумоо жана респиратордук вирус инфекциясынын белгилери менен кайрылгандар 8735 болсо, 19-декабрда 5021 болгон", - деп жазылган маалыматта. Бишкек, Ош жана башка облустарда да оорунун басаңдашы байкалганы, балдар мектептерге барып, өлкө боюнча 4 мектеп карантинге жабылган бойдон экени маалымдалат.

"Жалал-Абаддагы Кара-Көл районунун, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Ак-Суу райондук, Таластагы Манас районунун мектептери азырынча жабык. Эпидемиологиялык абал көзөмөлдө", - деп кошумчалаган министрлик.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан