Ош шаарынын борбордук аянтына жаңы жылдык балаты орнотулуп, улуттук орнаменттер менен жасалгаланууда. Ошондой эле аянтка "Жомок шаары", "Кышкы токой", "Сыйкырдуу дарактар", "Жарыктык карагайлар" композициялары орнотулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Балатынын бийиктиги 30 метр, улуттук орнаменттер жана жарыктар менен кооздолуп жатат. Жаңы жылдык майрамга карата композициялардан тышкары аянтка ысык тамак сатуучу жайлар ачылат. Мэриянын имаратынын негизги бетине жарыктандырылчу шарлар тагылып, жанындагы дарактар да жарыктар менен кооздолду", - деп жазылат маалыматта.
Ош шаарынын аянтын кооздоого жана балатыны орнотууга 1 миллион сомго тендер жарыяланган. Жыйынтыгында жеңүүчү 899 миң сомго жасалгалай баштаган.