Энергохолдинг: "Жаңы жыл майрамында жарык өчпөйт"

Жаңы жылды тосууда Кыргыз Республикасында жарык өчпөйт. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСиндеги кабелдерди иштетүү мөөнөтү 25 жыл, бирок аларды иштеткенине 42 жыл болду. "Кабелдердин эскилиги жеткен. Мындан улам жаңы 4 кабель сатылып алынган. Учурда алар Түштүк Кореяда. Бул кабелдерди алып келүү жана сактоо маселе болуп жатат. 2017-жылдын апрелине чейин жеткирилмекчи, 15-июнга чейин бардык кабелдер алмаштырылат", - деди Калиев.

Мындан тышкары учурда эч кандай чектөөлөр болбой жатканын жана Токтогул ГЭСинде кызматкерлер штаттык режимде иштеп жатканын баса белгиледи. "Азыркы тапта Орусиядан келген 3 адис иштеп жатат, дагы 2 адистин келери күтүлүүдө", - деп кошумчалады Калиев.

Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСинде үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Токтогул ГЭСинде кубаттуулугу 300 мегаваттык №2-гидроагрегат анын көмөкчү жабдуусунун жабыркашынан улам пландан тышкары өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
talant87
2016-12-22 14:40:35
коро жатарбыс кандай болорун былтыр кымбатынар эле казактардан сатып жатабыс деп эми не шылтоо болот экен
0
anar8672
2016-12-22 21:33:13
Балтыр жаны жыл астында саат 9 жарымда свет очуп 11 жарымда куйгон дасторкон даярдап атканбыз Свет очпойт деп ойлоп шам да албаптырбыз зажигалканын фанариги менен печкада тамак кылганмын
0
ularik_kg
2016-12-22 23:58:33
Уйумо шам алып койдум
0
Kroxa
2016-12-23 08:38:34
Очпой эле койсун телевизор коруп отурганыбызга...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан