Токтогул ГЭСинде авария болгонуна карабай чет өлкөдөн электр энергиясын импорттоо пландалган жок. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө суу сактагычка суунун агып кириши секундасына 244 куб метрди, чыгымы 202 куб метрди түзөт. "Авариянын кесепетинен электр энергиясы өчүрүлбөйт, чектөөлөр болбойт. Керектүү кубаттуулук жетиштүү. Өзүбүздү электр энергиясы менен камсыздай алабыз", - деди Калиев.
Эскерте кетсек, Токтогул ГЭСинде үстүбүздөгү жылдын 15-декабрында Токтогул ГЭСинде кубаттуулугу 300 мегаваттык №2-гидроагрегат анын көмөкчү жабдуусунун жабыркашынан улам пландан тышкары өчүрүлгөн.