Өзбекстандын Анжиян облусунда мугалимдер лимон өстүрүүгө милдеттендирилишти. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, облустун жетекчилиги мектеп жана бала бакчалардын башчыларына окуу жайлардын аймактарына лимон өстүрүүнү тапшырды. Ал үчүн мугалимдер күнөсканаларды куруусу керек болот. Кээ бир мектептин директорлору күнөсканаларды курууга каражат жок экенин айтышууда. Ошол эле учурда адистер да жок экени кошумчаланат.
"Күнөскана курууга акчабыз жок. Облус жетекчилиги банктар насыяга акча берет деп убадалаган, бирок аны кайра төлөөгө туура келет. Ошол эле учурда бизде багбан жок. Ал үчүн мыкты адистер керек. Мугалимдер балдарды окутушабы же лимон өстүрүшөбү?" - деп нааразычылыгын билдирген директорлордун бири.