SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз балаңызды кантип коркутасыз?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Менин эки жээним бар, экөө тең аябай тентек. Анан "вампир, бөө, апчуңду кесип коём" десем коркуп калышат".
"Мен балдарымды коркутпайм. Минтип коркутканыңар туура эмес. Психикасына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Менин баламды да тынч отурсун деп коркутуп коюшкан экен, коркконун түшүндүрүп жатып калтырдым".
"Балдарымды коркутпайм. Өткөндө түндө ыйлаганда "мокочо келатат" десем, "ал эмне, кана көрөйүнчү" десе сөз таппай калдым".
"Ит келатат, мышык келатат, кет! Кет, мышык! Балам уктайт азыр, кана, көзүңдү жумчу..." деп уктатам".
"Кесип салам, союп салам" деп айтпаш керек. Кайнагамдын 3 жаштагы баласы койду сойгонду көргөн экен, желимден оюнчук эшектер болот го, үстүнө минип, секирип ойногон, ошондой оюнчугунун ичин кесип, желин чыгарып кайненеме сүйүнчүлөп келиптир, "эшегимди союп салдым" деп. Балдарды кароосуз калтырбаш керек".
"Кээде балдарым сабак окугулары келбей калышат, оюнга кызыгып. Ошондо "баланчага козу бакканга, торпок айдаганга бала керек экен, ошол кишиге алып барып беребиз. Окубагандан кийин жок дегенде жакшылап мал бакканды үйрөнөсүңөр" деп калабыз".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.